Ооганстанда талиптер деп шектелген 20 чакты адам абактан бошотулду. Жергиликтүү бийликтер өкүлдөрү муну исламчыл козголоңчуларды куралын таштоого көндүрүү аракети катары түшүндүрүштү. Президент Карзайдын кеңешчиси жана туткундардын иштерин кайра карап чыгуу боюнча комиссиясынын мүчөсү Насрулла Станикзайдын айтымында, дагы 35 киши жакын арада азат кылынышы ыктымал. Ай башында өткөн Тынчтык курултайы Карзайдын байистүү согушкерлер менен жарашуу планын колдогон.