Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Референдум: Электораттын көбү добуш берди


Кыргызстанда референдум өттү деп айтууга негиз берген көрсөткүч жарыяланды. Кечки саат алтыга карата жалпы шайлоочулардын 56 пайызы добуш беришти. Эң жогорку активдүүлүк Бишкек шаарында болуп жатат, бул жакта шайлоочулардын 66 пайызы жарандык милдетин аткарышты. Ош жана Жалал-Абад облустарында шайлоочулардын көрсөткүчү 45 пайыздан ашты.

Добуш берүүнүн соңку көрсөткүчтөрү жөнүндө БШКнын басма сөз борборунан кабарчыбыз Кубат Касымбеков билдирет.

- Кечки саат алтыга карата маалымат кандай?

- Азыр улам-улам жаңыланып көз ирмем сайын түшүп атат. Мисалы, саат алтыдан өтүп калгандагы эсеп боюнча Кыргызстандагы 2 млн. 767 миң 138 катталган шайлоочунун 1 млн. 554 миң 876 шайлоочу добуш берди. Бул бүткүл шайлоочулардын 56 пайызы болуп эсептелет.

- Ош жана Жалал-Абаддагы окуялардан кийин түштүк облустардагы элдин катышуусу жөнүндө көп күмөн саноолор айтылып келди эле. Аталган облустардагы көрсөткүчтөр кандай экен?

- БШКнын маалымат борборуна келип түшкөн маалыматтар боюнча Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жарандардын референдумга катышуусу башка өрөөндөргө салыштырмалуу бир аз төмөн болуп жатат. Бул көрсөткүчтү БШКнын мүчөлөрү да тастыктап жатышат. Алсак, саат үчкө чейин Ош облусунда катталган 597 миңден ашуун шайлоочулардын 38 пайыздан ашыгы добуш берген. Жалал-Абадда болсо шайлоочулардын 35 пайызы, Баткенде 36 пайызы шайлоого катышкан. Ал эми Ош шаарында дагы бир аз төмөнүрөк көрсөткүч байкалып жатат. 126 миңдей катталган жарандардын 34 пайызы келип бүгүн добуш берген.

- Кайсы аймактарда элдин активдүүлүгү жогору болуп жатат?

- Эң активдүүлүгүн көрсөтүп жаткан бул Бишкек шаарынын тургундары болуп жатат. Мындан үч саат мурунку көрсөткүч боюнча Бишкек тургундарынын 53 пайызы добуш берүүгө жетишкен. Ал эми азыркы маалыматтар боюнча болжолдуу түрдө 62 пайызы келип добуш берүүдө, бул көрсөткүч дагы жогорулайт болуш керек. Мындан тышкары Чүй жана Ысык-Көлдө дагы активдүүлүк жакшы болуп жатат.

- Шайлоо бекеттери саат канчаларда жабылат?

- Бул туурасында биз маалымат алдык. БШКнын төрагасы Акылбек Сариев билдиргендей, шайлоо бекеттери саат сегизде жабылат экен.

Р.Отунбаева Ош шаарында референдумга катышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

XS
SM
MD
LG