Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Кара-Суу райондук милиция башчысын өлтүргөн деп шектелген адам кармалды


Алматынын жанындагы Боролдой айылында полиция атайын операциянын натыйжасында оор кылмыштары үчүн эл аралык издөөдө жүргөн 22 жаштагы кыргызстандык жаранды кармады. Кармалган адам Ош областындагы тополоң окуялардын маалында Кара-Суу районунун начальнигин мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелүүдө.

Кыргызстандын укук коргоо органдары издөө салган адам жашыруун келип, туугандарынын үйүндө жашынып жаткан жеринен колго түштү. Азыркы учурда ал милициянын тергөө камагына алынды, анын кармалганы жөнүндө Кыргызстандын укук коргоо органдарына кабар берилди. Бул маалыматты «Интерфакс-Казахстан» маалымат агенттиги таратты.

13-июнда Ош шаарынын жанындагы Нариман айылына сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барган Кара-Суу районунун начальниги А.Султанов жана анын айдоочусу У. Шамурзаев экөө дайынсыз кетип, бир нече күндөн кийин сөөктөрү табылган. (КС)

XS
SM
MD
LG