Түштүк Африканын борбору Йоханнесбургда дүйнөлүк чемпион наамын бүгүн Испания менен Голландия талашат. Кимиси утса да, дүйнөлүк чемпионаттын алгачкы жеңүүчүсү болуп калат, буга чейин Испания менен Голландия эл аралык мелдешти ута элек. Испания финалдык таймашка 1-жолу чыгып атат, Голландия 1974- жана 1978-жылы чыгып утулуп калган.