Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Германия жана Франция тышкы иштер министрлери Ошко келди


Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер жана Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле бүгүн эртең менен Ошко келишти. Учурда алар Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь айындагы окуялардан кийин кыйроого учурап күйгөн обьектилерди кыдырып көрүшүүдө. Чет элдик министрлерди вице-премьер-министр, Ош, Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев, Ош шаарынын мэри Меслисбек Мырзакматов жана облус губернатору Сооранбай Жээнбеков коштоп жүрөт. Бул тууралуу дубандан кабарчыбыз билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG