Бул маалыматты “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка ылайык, август айынан баштап абоненттер 1 куб метр газ үчүн 14 сом 02 тыйындын ордуна 14 сом 81 тыйындан төлөй башташат. Аталган ишкана баанын өсүшүн көгүлтүр отундун сатып алуу баасына, тактап айтканда валюталык базарда доллардын курсуна байланыштуу деп түшүндүрүүдө. Газ берүүчү өзбек фирмалары менен түзүлгөн келишимде квартал сайын төлөмдөрдү жүргүзүү каралган. 2010-жылга газдын орточо баасы 1000 куб метрге 220 доллар болуп аныкталган. Экинчи чейректе газга болгон баа 227 долларга көтөрүлгөн. Ал эми үчүнчү чейректе 238,09 долларга чейин жеткен. (КЕ)