Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Ошко Орусиянын аскер базасын ачуу маселеси кайра жанданды


Орусиянын Канттагы аба базасы, Кыргызстанда бул өлкөнүн мындан башка да бир канча аскерий жайлары бар.
Орусиянын Канттагы аба базасы, Кыргызстанда бул өлкөнүн мындан башка да бир канча аскерий жайлары бар.

Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскердик машыгуу борборун ачуу боюнча расмий сүйлөшүүлөр кайра жанданды. Айрым серепчилер муну Орусиянын геосаясий кызыкчылыгы катары баалашууда.

Ошол эле учурда Ошто Орусиянын мындай аскерий түйүнүн орнотууга кыргыз бийлиги июнь окуясынан кийин макулдук берүүгө аргасыз болуп жатканы тууралуу да пикирлер жок эмес.

Сүйлөшүүлөр башталды

Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскердик машыгуу борборун ачуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр бүгүн, 13-сентябрда Москвада өтүп жатат. Ага Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев катышууда.
Орусиянын аскердик базасы Кыргызстандын түштүгүндө орнотулушу – бул эл аралык коомчулуктун арасында ынанымдуу коопсуздук доктринасын түзүүгө жардам берет деген үмүт бар.
И. Жалилов

Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы азырынча белгисиз, толук маалымат министр кайтып келгенден кийин ачыкталат: “Ооба, сүйлөшүүлөр түштүктө ачыла турган аскердик машыгуу борбору боюнча болот. Мындан тышкары биздеги Орусиянын аскер базалары тууралуу да маселелер каралат”,- деди маалымат кызматынын өкүлү.
Орусия коргоо министри Анатолий Сердюков

Аскердик кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр тууралуу мурдараак Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков да журналисттерге билдирип, Кыргызстандын түштүгүндө жайгашуучу орус жана кыргыз аскерлерин даярдоочу борбор тууралуу сүйлөшүүлөр кыргыз тараптын демилгеси менен кайра жанданып жатканын маалымдаган.

Кремлдин Кыргызстандын түштүгүндө аскердик машыгуу борборун ачуу максаты мурдатан эле белгилүү. Өткөн жылы август айында мурдагы президент К. Бакиев менен Орусиянын президенти Д. Медведев бул маселе боюнча атайын меморандумга кол коюп, аны ишке ашырууга үч ай мөөнөт берилген болчу. Бирок жыл аяктагыча сууп кеткен орус-кыргыз мамилесинен кийин Кыргызстандын түштүгүндө аскерий түйүн ачуу маселеси унутта калган.

Ушундан улам айрым талдоочулар бул сапар сүйлөшүүнү жандантуу демилгеси кыргыз тараптан чыгып жатышы ыктымал деп айтышууда. Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Иманберди Жалилов Орусиянын аскердик машыгуу борбору түштүктө орноп турганы Кыргызстандын коопсуздугун сактоодо чоң мааниге ээ болот деп эсептейт:

- Бул жерде кыргыз мамлекетинин гана коопсуздугу тууралуу маселе жаткан жок. Кыргызстан КМШга, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн түштүк тараптагы форпост өлкөлөрүнүн бири. Отуз жылдан бери согушуп келе жаткан Ооганстанга, ар кандай экстремист-террорчуларды даярдоочу лагерлер жайгашкан Пакистанга жакын турушу, мындан тышкары түпсүз, белгисиз уюмдардын пайда болушу сөзсүз түрдө кооптонууну, шектенүүнү пайда кылат. Ал эми Орусиянын аскердик объектисинин Кыргызстандын түштүгүндө орнотулушу – бул маселелерге чек коюу менен эл аралык коомчулуктун арасында ынанымдуу коопсуздук доктринасын түзүүгө жардам берет деген үмүт бар.

Кыргызстан ири геосаясий оюндун бутасыбы?
Кыргызстан балансты сактап, орустар менен мамилени бузуп албоо максатында буга өзү да демилгечи болуп отурат.
М. Сариев

Ошол эле учурда Кыргызстандын түштүгүндө аскерий объект ачуу Орусиянын кызыкчылыгында жатат, бул алардын геосаясий максаттарынын бири деген пикирлер да жок эмес.
2009-жылдын 3-февралында мурдагы президент К. Бакиев Москвада орус президенти Д. Медведев менен жолугушуп, Кыргызстандагы АКШ аба базасы чыгарылаарын айткан эле.

Мурдагы бийликтин тушунда Кыргызстандын Баткен аймагына аскердик машыгуу базасын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр АКШ бийлиги менен да жүрүп, ал үчүн Америка тарап 5,5 млн. доллар бөлмөк болгон. Бирок бул сүйлөшүүлөрдүн да натыйжасы болбой, ошол эле базаны АКШ Тажикстанда куруу үчүн тажик бийлиги менен макулдашканы белгилүү.

Саясат талдоочу Марс Сариев ушундан улам Орусия Кыргызстандын түштүгүндө өзүнүн аскердик объектисин орнотууга кызыкдар деп эсептейт. Анын пикиринде, Кыргызстан дагы деле болсо Орусия, АКШ сыяктуу ири державалардын колундагы курал болуп жатат:

- Орусиянын аскердик базасын түштүктө жайгаштыруу маселеси “Манас” аба базасынын мөөнөтүн узартуу тууралуу келишимден кийин кайра жанданган сыяктуу, бул жерде Кыргызстан балансты сактап, орустар менен мамилени бузуп албоо максатында буга өзү демилгечи болуп отурат. Орусия дагы АКШнын Фергана өрөөнүнө кирүү аракетинен кийин буга кызыкчылыгы бар. Алар АКШга атаандаша Ташкентти көзөмөлдөөнү колго алгысы бар. Ошондуктан, булар ар кандай ыкмаларга барышы мүмкүн. Ош окуясы деле бир геосаясий планы болушу да ыктымал, муну мезгили келгенде тарых аныктайт. Анткени Кыргызстан азыр чоң геосаясий оюндун бутасы болуп калды.

Ушул тапта Кыргызстандын бир нече аймагында Орусиянын аскерий түйүндөрү: Канттагы аба базасы, Ысык-Көлдө торпедо сыноочу, Чүйдө Орусиялык аскер-деңиз флотунун “Марево” деп аталган байланыш бөлүгү жана Майлы-Суу шаарында аскер бөлүгү бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG