“Азаттык” үналгысынын башатында турган көрүнүктүү журналист жана демократ публицист Азамат Алтайдын (Кудайберген Кожомберди уулу) 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция Кыргыз Улуттук Университетинде өтөт. Ушул эле күнү Улуттук Тарых музейинде аталган чыгаан ишмердин өмүр жолуна арналган салтанаттуу жыйын болот. Жыйын маалында Азамат Алтайдын баскан жолу туурасында туңгуч китептин бет ачары өткөрүлөт.
Азамат Алтай жыйырманчы кылымдагы кыргыздардын үнүн да, үмүтүн да бүт дүйнөгө угузган, бозгун болуп жүрүп да өз тагдырын алыста калган Ата Журтунун жаркын келечеги үчүн күрөшкө арнаган кыргыздын чыгаан уулу. Азамат Алтайга улуу ата мекендик согуштан кийин көп жылдар бою Ата Журтуна кайтууга жолу жабык болду. Ошол себептүү ал Батышта жашап жүрсө да, жүрөгү менен Кыргызстанда болуп, «Азаттык» үналгысынын башатында туруп, Кыргызстандагы сөз жана басма сөз эркиндигине, коомдук-маданий турмушуна, аймактагы демократиялык жараянга зор салым кошту.
Кудайберген Кожомбердиев 1953-жылы башкеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан. Ал кийинчерээк АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун өмүрүн Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасына арнап, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадан турган китеп корун түзөт. 1960-жылы “Азамат Алтай” ысымын алат.
АКШда жүргөн кезинде ал “Азаттык” үналгысы менен тыгыз кызматташтыгын уланткан. 1970-жылдардын соңунда ал кайрадан Мүнхенге келип, 1984-1988-жылдары (ардактуу эс алууга чыкканга чейин) “Азаттык” үналгысынын деректири кызматын аркалаган.
1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, «Манас» дастанынын миң жылдык мааракесине катышкан. (KC)