Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Орусиялык аскерий төбөлдөр Кыргызстанга келди


Кечээ Орусиянын Куралдык күчтөрүнүн Генералдык штабынын орун басар жетекчиси, генерал-полковник Валерий Герасимов баштаган аскерий делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта аскерий кызматташтык жаатындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталды. Кыргыз тараптан сүйлөшүүнү Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Асылбек Ормокоев жүргүзүүдө.

Тараптар эки тараптуу аскерий кызматташтыкты жаңыртуу, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери туурасындагы 1993-жылы түзүлгөн келишимди өзгөртүү маселелери тууралуу сүйлөшүшмөкчү. Ушул тапта аскерий кызматташтык боюнча жаңы келишимдин долбоору иштелүүдө.

Кыргыз тарап жаңы долбоорго Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери үчүн төлөнчү ижара акысын бери дегенде 3-4 эсеге көбөйтүү маселесин көтөрүшүүдө. Буга чейин Орусия ижара акысы үчүн Кыргызстанга бир жылда 4,5 миллион доллардан төлөп келген. Ошондой эле ижара акысын аскерий техникалар, курал-жарактар түрүндө алуу маселеси каралууда. Салыштыра кетсек, АКШ өкмөтү “Манас” аба майданындагы транзиттик жүк ташуучу борбору үчүн ижара акысы катары жылына 60 миллион доллардан төлөйт. (IJz)

XS
SM
MD
LG