Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Нобелдин тынчтык сыйлыгы диссидентке берилгенине расмий Бейжин нааразы


Нобелдин быйылкы тынчтык сыйлыгы Кытайда камакта жаткан диссидент Лиу Жяобого тапшырыла турганы бүгүн белгилүү болгон. 54 жаштагы белгилүү саясий активист Жяобо “мамлекетке каршы иштеген” деп айыпталып, былтыр декабрда 11 жылга түрмөгө кесилген. Ал нааразылык жыйындарына эркин чогулууну, сөз эркиндигин жана дин эркиндигин жактап келген.

Кытай Нобель комитетинин бул чечими “Расмий Бейжин менен Ослонун мамилесинин начарлашына алып келет” деп эскертти. Ал арада Германия менен Франция Кытайды түрмөдөн диссидентти чыгарууга чакырышты. Тибеттин руханий лидери Далай лама болсо Нобель комитетинин чечими Кытай жетекчилигин саясий реформаларга барууга түртөт деп, аны жылуу кабыл алганын айтты.

Сыйлык 10-декабрда Ослодо тапшырылат. Жяобо өзү түрмөдө жаткандыктан, анын оордуна сыйлыкты ким алаары азырынча белгисиз. Кытай бийликтери “Навада 1,5 млн.долларлык сыйлыкты диссидент утуп калса, акча анын колуна тийбейт” деп эскертишкен эле.

XS
SM
MD
LG