Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Шайлоодогу маалыматтык согуш жана "ымыркай демократия"


Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш, 10-октябрь.
Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш, 10-октябрь.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо алдында ырасмий Москва Орусиячыл партияларды ачык сүрөөнгө алды. АКШ жана батыштагы ири маалымат каражаттары да бул маселеге кайрылып, алгачкы жолу таза, демократиялык шайлоо өтүп атканын айтышууда.

Кыргызстандын маалыматтык айдыңында өзгөчө Орусиянын маалымат каражаттарынын таасири күч. Борбор шаар Бишкекте да орусча чыккан маалымат каражаттары көп жана алардын арасында орусиячыл маанайдагылары бар.

Орусия жай айларынан бери ошол маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстанда бүгүн өтүп аткан парламенттик шайлоого таасир берүү аракетин кылууда. Кремлдин маалыматтык чабуулу Орусия президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга парламенттик башкаруу жарашпасын айткан алгачкы күндөн тарта уланып келет. Ал турсун орус президенти бир курдай парламенттик система Кыргызстанды кыйроого алып келиши ыктымалдыгын айткан.

Орусиянын президенти Д.Медведев менен "Ар-Намыс" партиясынын лидери Ф.Кулов. Москва, 22-сентябрь.
Үгүт иштери башталгандан бери Кремль Кыргызстанда өзүнө кол бала издеп, шайлоого аттанган айрым саясий партиялардын лидерлери Москвада болушту. Д.Медведев “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов менен жолукканы, Кремль бул партияны ачык сүрөөнгө ала баштады. Кремлге баш ийген Орусиянын биринчи каналы жана НТВ теле каналы баш болгон медиа гиганттар “Ар-намыс” партиясын мактап-жактап, “Ата Мекен”, Социал-демократтар партияларын каралаган маалыматтарды таркатышты.

Москванын максаты эмне?

Кремль төбөлдөрү колдогон партиялар негизинен Кыргызстанда күчтүү президенттик башкарууга кайтабыз, Орусия менен бирге болобуз дегендер. Ал эми өлкөдө парламенттик системанын курулушуна салым кошкон партияларга Москва сыртын салып турат.

Стамбул университетинин ага окутуучусу, саясий илимдердин доктору, Борбор Азиядагы саясий процесстерди иликтеген адис Хакан Гүнештин айтымында, азыр Кыргызстанда бир дагы партия Орусияга каяша айтканга чамасы жетпейт. Андыктан бүгүнкү шайлоодо кайсы партия жеңип чыкса да Москва менен эсептешкенге аргасыз. Ал эми өлкөдөгү батышчыл күчтөр азырынча жакшы ирдене элек, муну алар өздөрү да түшүнүп турат:

- Кыргызстанда батышчыл күчтөрдүн активдүүлүгү анча байкалбайт. Азыркы тапта ал жакта баары тең Орусия менен тыгыз алака түзүү аракетинде. Украинадагыдай батыш же Орусияга ыктагандардын кармашы болбойт жана бул фактор шайлоо жыйынтыктарына анча таасир эте албайт. Кыргызстанда абал бир аз башкачараак. Менин оюмча, шайлоодо бир да партия мандаттардын көбүнө ээ боло албайт. Коалиция түзүүгө аргасыз болушат. Бирок ошол коалиция оңой түзүлөбү? Маселе мына ушунда.

Деген менен Москвага ишеним артып, Кремлдин колдоосу менен бийликке келебиз дегендер чоң жаңылышы да ыктымал. Конфликтолог Жаргылбек Касаболотовдун пикиринде, Кыргызстандагы парламенттик шайлоого Орусия эле эмес башка ири мамлекеттер да таасир этүү аракетин кылышты. Андыктан Москванын колдоосуна ээ болгондор гана бийликке келет деген жаңылыш түшүнүк:
Жыргалбек Касаболотов


- Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү аракети аябай эле активдүү болуп атат. Бул жалаң эле Орусиянын аракети эмес. Биз менен өнөктөш көп эле мамлекеттерден чыккан күчтөр биздин ички ишибизге аралашууга аракет кылып атышат. Анан, биздин шайлоого аттанган саясатчылардын Москвага улам-улам каттап атышканы, чет жакка улам-улам каттап ошолордун көңүлүн алалы деген аракети бир нерсени көрсөтүп турат. Бизде өзүбүдүн элибиз саясий жактан жетилип калды бир топ. Ал эми биздин саясатчылар жетилбей, дагы эле ошол эски стереотиптер менен ой жүгүртүп атышат. Биринчи кезекте кыргыз элинин көңүлүн алыш керек. Кыргыз элинин каалоосун, позициясын билгенден кийин, бийликке келгенден кийин гана башкалар менен байланышса болот. Азыр башкалар менен миң сүйлөшкөн күндө да кыргыз эли кимди өткөрбөйм десе, ошону өткөрбөй коёт. Эл менен эсептешпеген саясатчы эмне болору эгемендик алгандан бери эле эки жолу далилденди.

Кыргызстандагы саясатка батыш да киришип калдыбы?

Экономика илимдеринин кандидаты Төлөнбек Абдыровдун баамында, азыр Кыргызстандыктар дүйнөнүн кайсы бөлүгү мыкты өнүгүп атканын, кайсыл баалуулуктар өлкөнү өнүгүүгө түртөрүн жакшы билип калышты. Андыктан бүгүнкү шайлоодо өнүккөн демократиялык коомдордун жолуна түшөбүз дегендер көбүрөөк добуш алуулары ыктымал:

- Кээ бир саясатчылар жанагыдай ыкмаларды колдонуп атышпайбы. Тиги Орусияга бара коюп, жетекчилери менен жолуга коюп,
АКШ президенти Б.Обама жана Кыргызстандын президенти Р.Отунбаева. АКШ, Нью-Йорк, 24-сентябрь.
бири-бири менен жарышып атышат. Бирөөсү президент менен, бирөөсү администрация башчысы менен жолугуп атышат. Орусия менен чогуу болобуз, саясатты чогуу жүргүзөбүз депчи. Бирок менин оюмча, биздин элди мындай ыкмалар менен таң калтыра албайсың, ойлорун деле бура албайсың. Анткени азыр элибиздин көбү ойлонуп, талдап атат. Жашоо, дүйнө кайда баратканын көрүп атышат.


Батыш менен АКШ Кыргызстандын парламенттик башкарууга өткөнүн колдоого алып, өлкөнүн бул багытта өнүгүшү үчүн каржылык жана кеп-кеңештик жардамдар берилери айтылууда. Президент Роза Отунбаева менен АКШ президенти Барак Обама жолукканда да Кыргызстандын жаңы багыты колдоого алынган.

Орусия жактырбаганы менен Европа өлкөлөрү да Кыргызстандагы парламентаризмди сүрөөнгө алышууда. АКШнын CNN каналы баштаган дүйнөлүк ири маалымат каражаттары да Кыргызстанда парламенттик өлкө курулуп, жаңы парламент бийликке келатканын айтышууда. Ошентсе да батыштыкына караганда Орусиянын маалымат каражаттары Кыргызстанда таасирлүү. Анын үстүнө Кыргызстан экономикалык жактан да Орусияга көбүрөөк көз каранды. Бирок батыш менен АКШ катуураак киришип, ири каржылык колдоолор болсо өлкөдө парламентаризм бекемделип калуусуна ишеним чоң. Ал эми бийликке парламентаризмди жактагандар келеби же күчтүү президенттик башкарууну каалагандар келеби, эртең белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG