Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

А. Сариев “Бүтүн Кыргызстанга” 5 пайыз чек боюнча түшүндүрмө берди


Аталган партиянын айрым лидерлери жаңы эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев менен сүйлөшүп чыгышты. А. Сариев “Азаттыкка” жолугушууда 5 пайыз чектин көбөйүшү тууралуу түшүндүрмө бергенин билдирди.

БШКнын алдына бүгүн аталган партиянын 500гө чукул тарапкери шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулушту. Бул партиянын жактоочулары, Ош шаарында, Нарында жана Баткенде дагы көчө акциясына чыгышты.

Борбордук шайлоо комиссиясы беш пайыз чек кошумча тизменин негизинде 150 миңге чамалаганын белгилеп, ошол себептүү шайлоодо 145 миңден ашуун добуш алган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы депутаттык мандатка жетпей калганын билдирүүдө.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы өз кезегинде беш пайыз чектин кескин көбөйүп кетишине байланыштуу БШКнын чечимин талашып, сотко кайрылууга даярданууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG