Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

“Санпа” окуясында жабыр тарткандар Жалал-Абад облбийлигине келди


Июнь окуясында жабыр тарткандардын өкүлдөрү 1-ноябрда облус губернатору Бектур Асанов менен жолугушту. Алар “Санпа” окуясы боюнча соттолуучу У. Аблазовдун өткөн аптада болгон сотто берген көрсөтмөсү боюнча губернатордун түшүндүрмө берүүсүн өтүнүштү. Бектур Асанов У. Аблазов менен 14-июнда сүйлөшкөнүн жана анын андан мурдагы күндөрү боюнча айткандары чындыкка коошпой турганын билдирип, сот чакырса көрсөтмө берээрин кошумчалады.

29-октябрдагы соттун олтурумунда айыпталуучу У. Аблазов губернатор менен анын орунбасарынын, Улуттук коопсуздук кызматкеринин жана Сузак район акиминин өтүнүчү боюнча “12- 13-июнда элди тынчтыкка чакырып жүргөм, Санпадагы окуяга тиешем жок” деп айткан. Жабырлануучулар аны менен бирге милициянын эки ардагер кызматкерин “Санпа” окуясын уюштуруучулары жана башчылары деп эсептешүүдө. Соттолуучулар мындай айыптарды четке кагууда.

“Санпа” окуясы боюнча соттун эмки олтуруму 5-ноябрга белгиленген. 19 соттолуучунун кылмыш ишин карап жаткан Сузак райондук соту ал күнгө губернатор Б. Асановду чакырууну зарыл деп тапкан. (YA)

XS
SM
MD
LG