Мунун мөөнөтү эки күн деп белгиленди. Грек бийликтери жогорудагыдай кадамга белгисиз адамдар тарабынан бир катар өлкөлөрдүн Грециядагы элчиликтерине, чет өлкөлүк жетекчилерге, европалык уюмдарга жардыруучу зат салынган баштыктар жөнөтүлгөнү белгилүү болгондон кийин барды. Бомба салынган почта Орусия, Швейцария, Чили, Болгария жана башка мамлекеттердин элчиликтерине жөнөтүлгөн. Андай почта немис канцлери Ангела Меркелдин кеңсесинен да табылып, зыянсыздандырылды. Аларды жөнөткөндөр катары Грециянын анархисттик жана экстремисттик топтору шектелүүдө. Полициянын маалыматына караганда, бул өнөктүккө тиешеси бар деген шек менен кечээ Афинада эки адам кармалды.