Британиянын Би-Би-Си корпорациянын кызматкерлеринин 48 сааттык иш таштоосу кээ бир радио-телеберүүлөрдү үзгүлтүккө учуратты. Иш таштоо компания жетекчилигинин пенсия системасын өзгөртүүгө каршы өткөрүлүүдө. Би-Би-Синин жетекчилиги пландалган иш-чара пенсия корундагы 1,5 миллиард фунт стерлинг же 2, 4 миллиард долларлык тартыштыкты кыскартууга тийиш. Нааразылык акциясынан улам “Today” деп аталган 6,5 миллион угарманы бар төрт таңкы программанын ордуна эски берүүлөр кайталанды. Акцияга 4 миңдей журналисттер менен башка кызматкерлер катышууда.