Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Mina Corp.: Пентагон ишенет, Бишкек күдүктөнөт


Бишкек -- "Манастагы" транзит борбору аркылуу ай сайын америкалык 50 миң солдат жана офицер ташылат. Борбор ошондой эле аскер-транспорт учактарын отун-май менен жабдып турат.
Бишкек -- "Манастагы" транзит борбору аркылуу ай сайын америкалык 50 миң солдат жана офицер ташылат. Борбор ошондой эле аскер-транспорт учактарын отун-май менен жабдып турат.

Кыргызстандын "Манас" аэропортундагы транзиттик борборду отун-май жагынан камсыздоо боюнча Mina Corporation компаниясы менен түзүлгөн контракты Пентагон 3-ноябрда дагы бир жылга узартты. Андан эки күндөн соң Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү таркатып, өлкөнүн тергөө органдары транзиттик борборго байланыштуу иштерди териштирип бүткөнчө аталган компания менен кызматташууну токтото турууну АКШ өкмөтүнөн өтүндү.

Пентагондун ырасмий билдирүүсүндө борборду отун-май менен жабдуу боюнча башка да компанияларга мүмкүндүк берүү үчүн быйыл сентябрда тендер жарыяланганы айтылат. Айрым булактар, анын ичинде Eurasianet сайты "башка" делинген компаниялар арасында россиялык Газпром болушу ыктымал деп болжолдошот.

Пентагондун документинде транзит борборун отун-май менен "коопсуз, ишенимдүү жана үзгүлтүксүз" жабдып туруу боюнча контракт түзүү маселеси "АКШнын бирден-бир приоритети" экени, келишимге эки өлкөнүн мыйзамдарына толук төп келген негизде ачык-айрым мүнөздө кол коюлганы" баса белгиленет.

Үч жүз он беш миллион доллар наркындагы жаңы келишим бир жылга түзүлдү. Жалпы эсепте Mina Corporation "Манаска" бир нече жылдан бери отун-май ташып берип келатат жана ушул мөөнөт ичинде АКШнын федералдык бюджетинен баш-аягы болуп 1 миллиард доллардан ашуун акча алды. Өткөн жылы Пентагон тендерсиз эле компания менен келишимин узарткан.

Быйыл апрелде мурдагы президент Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин Бишкекке колдоо билдиргени келген Вашингтондун ырасмий өкүлдөрүнө жаңы кыргыз өкмөтү жабык жана жашыруун түзүлгөн келишимдер аркылуу Пентагон эски режимди байытып келгенин айтышкан.

Сентябрда Нью-Йоркто президент Барак Обама менен жолуккан соң кыргыз мамлекет башчысы Роза Отунбаева Пентагон менчик фирмалардын кызматынан баш тартып, Кыргызстандын мамлекеттик компаниялары менен иштеши керектигин билдирген. Mina Corporation компаниясын ал "өлкөнүн кайгы-касиретине көп салым кошкон" фирма деп атаган.

Быйыл апрел-майда АКШ конгрессиндеги талкуу-таңаштарда Борбор Азия боюнча бир катар эксперттер да Бакиевдин коррупциялык схемасын Mina Corporation билген, бирок эч кандай чара көргөн эмес деп ырасташкан. "Манастагы" борборго байланыштуу электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн 250 миңдей кат-кабарларды, ондогон башка документтерди иликтеп чыгып, конгресстин иликтөө комиссиясы Пентагон контракттарды түзүүдө эрежелерди бузганын аныктады.

Конгресстин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча кичи комитетинин башчысы Жон Тирни (John Tierney) коргоо министрлигинен, мамлекеттик департаменттен жана бул ишке тиешелүү бардык компаниялардан зарыл документтерди берүүнү өтүнгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы ушул айда жарыя кылынат деп күтүп жатышат.

Ал эми Кыргызстанда айрым эксперттер АКШдагы иликтөөлөрдөн натыйжа чыгарына ишене беришпейт.

5-ноябрь күнү кыргыз өкмөтү "Манастагы" транзит борборундагы коррупциялык айрым иштер толук иликтенип чыкмайынча Mina Corporation компаниясы менен кызматташтыкты токтото турууну суранып, Вашингтон администрациясына кайрылды.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, ырасмий Бишкек "бул маселеде мамлекеттер аралык келишим түзүүдө жергиликтүү элдин кызыкчылыктары толук эске алынышын көздөйт". Документте коррупциялык кыйды схемалар "кыргыз элинин желкесине кошумча оор жүк болуп жатканы" айтылат.

Кыргызстанда Mina Corporation менен жарнакташ алты фирмага иш козголгон. Тергөө иши кандай абалда экени азырынча беймаалым.

Бишкектин өтүнүчүнө Вашингтон кандай мамиле кылат, бул да азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG