Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Үй камагындагы үч айыпталуучунун дайыны белгисиз


Апрель окуясы боюнча сот ишинин алгачкы күнү, 17-ноябрь.
Апрель окуясы боюнча сот ишинин алгачкы күнү, 17-ноябрь.

Бүгүнкү сотто мурдагы бийликтин үч үлкөн төбөлү: О. Малеваная, К. Жороев жана Н. Турсункулов каякта экени белгисиз болуп жатканы ачыкка чыкты.

7-апрель окуясы боюнча бүгүн уланган сот жараянына үй камагындагы айыпталуучулар: мурдагы президент Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеваная, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов келген жок. Мындан улам жабырлануучулар үй камагында жүргөн айыпталуучулардын баарын камакка алууну талап кылышты. Буга байланыштуу сот түшкү экиге чейин танапис жарыялады.

Түштөн кийин уланган сот ишинде мамлекеттик айыптоочулар үй камагындагы бул айыпталуучулардын үчөө тең буга чейин туруктуу жашаган үйлөрүндө жоктугун айтып чыгышты. Айрым маалыматтар боюнча, алар өздөрү менен кошо үй-бүлөлөрүн да алып кеткени аныкталган. Мамлекеттик айыптоочулар президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, экс-президент Курманбек Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеванаяга жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго издөө жарыялоону, аларды кармалган жерден камакка алууну өтүнүп, сотко кайрылышты.

Мындай өтүнүчтөн улам сотко төрагалык кылып жаткан Жакыпбек Бектемиров чечим чыгарып, Каныбек Жороевдин, Оксана Малеванаянын жана Нурлан Турсункуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, Улуттук коопсуздук кызматынын абагына камоону өкүм кылды.

Бул арада коомчулукта аты аталган үч айыпталуучунун Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүндүгү тууралуу да божомолдор айтыла баштады. Бирок УКМК алдындагы чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков "Азаттыкка" Кыргызстандын чек араларындагы өткөрүү пункттарынан Каныбек Жороев, Оксана Малеваная жана Нурлан Турсункулов аттуу адамдар өтпөгөнүн билдирип, апрель окуясы боюнча айыпталып, сотко келбей, жашаган жери белгисиз болуп жаткан бул адамдардын Кыргызстандан учак, темир жол аркылуу өтпөгөнү да маалымдыгын, алар дипломаттык жолдор менен да өтүп кете алышмак эместигин кошумчалады.

Апрель окуясы боюнча сот 17-ноябрда башталган. Ал күнү жабырлануучулар айыпталуучулардын жана алардын адвокаттарынын дарегине акаарат сөздөрдү айтып, кол көтөрүүгө чейин барганы кабарланган.

7-апрелде Ак үйдүн алдында куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп 28 киши айыпталууда. Алардын башында турган экс-президент Курманбек Бакиевге, экс-премьер-министр Данияр Үсөновго, Коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевге, “Арстан” атайын тобунун башчысы Байыш Эсенбай уулу менен экс-президенттин уулу М. Бакиевге “массалык киши өлтүрүүлөр боюнча” сырттан айып тагылган. Ал эми мурунку коргоо министри Бактыбек Калыев, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев жана штаб башчысы Данияр Дунганов УКМКнын камагында отурушат.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Каныбек Жороев, президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеваная, экс-президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев жана мурунку Баш прокурор Нурлан Турсункулов үй камагына алынган эле.

XS
SM
MD
LG