Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Р. Отунбаева: Улуттар аралык ынтымакты сактоого саясий эрк жетет


Бүгүн президент Роза Отунбаева Казакстандын Астана шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун саммитинде сөз сүйлөдү. Анда ЕККУга мүчө бардык өлкөлөргө, учурда уюмга төрагылык кылып жаткан Казакстанга Кыргызстанга коогалуу күндөрү моралдык жана материалдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Р. Отунбаева быйыл Кыргызстанда кескин өзгөрүүлөр болуп, өлкөнүн биримдиги жана мамлекеттүүлүгү олуттуу сыноолорго кабылды, деп айтты. Мурунку бийликтин радикалдуу күчтөрү криминал жана экстремисттик маанайдагы топтор менен биригип этностор аралык кагылышуу уюштурууга аракет жасаганын, бирок азыркы бийлик кырдаалды колго алганын, улуттар аралык ынтымыкты бекемдеп, мыйзамдуулуктун жогорулашына, демократиялык институттарды чыңдоого саясий эрки жетерин белгиледи. Президент ЕККУнун полиция күчтөрүн “Коомдук коопсуздук демилгеси” деген форматта Кыргызстанга киргизүү чечимин жогору баалай турганын айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG