Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Пакистандa жанкечтилер 40 кишини өлтүрүп тынды


Жергиликтүү бийликтердин маалыматына ылайык, эки жан кечти өкмөтчүл уруу аксакалдарынын жыйынына кол салганда дагы ондогон киши жараат алды. Кош жардыруу ооган чек арасындагы Галанай шаарында орун алды. Бийликтердин билдиришинче, жан кечтилердин бири жыйналыш өтүп жаткан имараттын ичинде, экинчиси анын сыртында өздөрүн жардырып жиберишти. Эч ким жоопкерчиликти ала элек. Анын аралыгында, ушул эле аймактагы америкалык пилотсуз учактын чабуулунда беш кишинин күм-жам болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG