Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

К. Дүйшөбаев: Түштүктө 11 жерде жардыруу пландаштырылган


Кыргызстандагы кырдаалды солкулдатууга кызыкдар күчтөр - террорчу уюмдар болгонун бүгүн журналисттерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Анын айтымында, 11-декабрь күнү тыюу салынган экстремисттик-террорчу уюмдун мүчөлөрү кармалды, алардын бири 2005-жылкы Анжиян окуясына тиешеси бардыгы аныкталган. Кеңешбек Дүйшөбаев мындан тышкары тергөө учурунда террорчу уюмдардын аракеттенүү схемасы да аныкталганын айтты.

Коопсуздук кызматынын башчысы маалымдагандай, террорчулар Кыргызстандын түштүгүндө 11 жерде, ал эми Ош шаарында 14 жерде жардырууларды жасашмак болушкан, жардыруулар негизинен бийлик адамдарын жана күч кызматкерлерин жок кылууга багытталган. Ушул тапта да коопсуздук кызматкерлери Коргоо министрлиги, милиция кызматкерлери менен чогуу алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат.

30-ноябрь күнү Бишкектеги Спорт сарайынын жанында жардыруу болуп, төрт киши жеңил жаракат алган. Андан бир күн мурун Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндөгү үйдө курал-жарак жана жардыргыч заттар бардыгы аныкталып, күч кызматкерлери курчоого алган кезде үйдөгү адамдар аларга каршы ок чыгарып, бирөө өзүн жардырып жиберген. 12-декабрь күнү Ош шаарындагы Амир-Темир кичирайонунан көп сандагы курал-жарак, жардыргыч заттар табылган. 22-ноябрь күнү милиция жана коопсуздук кызматкерлери күчү 15 кг тротилге барабар жардыргыч зат табышкан, ал Бишкек жана Ош шаарларында бир катар жардырууларды жасоо үчүн атайын даярдалганы аныкталгандыгын күч кызматтары билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG