Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Украина: Юлия Тимошенкого кылмыш иши козголду


Украинада мурдагы өкмөт башчы жана оппозиция лидери Юлия Тимошенкого "мамлекеттик каражатты ысырап кылган" деген шек менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Тимошенко бул тергөөнү "оппозицияга каршы террор" деп баалап жатат.

Украинанын Башкы прокуратурасы 16-декабрда жарыялагандай, Тимошенко "көмүртек упайын сатуудан өкмөткө түшкөн каражатты пенсия төлөөгө жумшаган" деп шектелүүдө.

Жер атмосферасынын ысышын азайтууну караган Киото протоколу боюнча, украин өкмөтү көмүртектин кош кычкылын абага таштоо укугун завод, фабрикалардан 425 миллион долларга сатып алган. Бул каражат абага булганыч газдардын ташталышын чектөө боюнча иш-чараларга жумшалышы керек. Киото протоколу Тимошенко өкмөттү жетектеп турган 2005-жылы күчүнө кирген.

Башкы прокуратурадан чыккандан кийин Тимошенко журналисттердин суроосуна жооп берди.
Прокуратуранын ырастоосунда, экономикалык кризис өзгөчө күчөгөн 2009-жылы Тимошенко көмүртек упайынан түшкөн акчадан элге пенсия төлөткөн. Мыйзамда парламенттин уруксаты болмоюнча, бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн мындай кордун каражатын колдонууга тыюу салынат.

Прокурорлор менен жолугушкандан кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берген Юлия Тимошенко "акча туура эмес сарпталган" деген ырастоону четке какты:

Менин жеке өзүмө каршы кылмыш ишинин козголуп жатканы - кризистин мезгилинде айлана-чөйрөнү коргоо максатындагы акча пенсия төлөөгө жумшалган имиш. Пенсия төлөнгөн, бирок ал акча экологиялык кордон алынган эмес. Пенсия Мамлекеттик казына эсебинен, демек бюджеттен төлөнгөн.

"Мен өлкө кризиске белчесинен батып турган тушта элге пенсия төлөп, оор кылмыш кылыптырмын, кылмыш ишин ошон үчүн козгоп жатышат, бул президент Виктор Януковичтин оппозицияга каршы террору" деп нааразыланды мурдагы премьер-министр.

Виктор Янукович
Президент Янукович анын өкмөтү коррупция менен күрөшүп жаткандыгын баса белгилеп, азыркы же мурдагысы болобу, кызмат ордунан кыянат пайдаланган чиновниктер сот алдында жооп берет деп эскерткен.

Оппозициядагы "Баткивщина" ("Ата Мекен") партиясында Тимошенконун орун басары болгон Хригорий Немыриянын айтымында, Тимошенко жакында Брюсселге барып, Европа Биримдигинин лидерлери менен жолукмак. "Президент Янукович Тимошенконун чет өлкөгө чыгышынан коркуп жатат" деп ырастады Немырия.

Тимошенко суракка адвокаты жок баргандыктан, ага каршы расмий айып коюла элек. Ал кийинки суракка адвокаты менен 20-декабрда барат деп күтүлүүдө.

"Азаттыктын" Украин кызматы менен маегинде киевдик саясат таануучу, Раумков илимий изилдөө борборунун кызматкери Юрий Якыменко суракка алууну азыркы өкмөт сунуш этип жаткан экономикалык чектөө чараларына карата элдин нааразылыгы менен түшүндүрдү:

Учурда өкмөт пенсия реформасы, турак-жай менен камсыздоо, жумушчулардын укуктары боюнча көпчүлүккө жакпай турган чараларды көрүшү керек. Бул жаатта өкмөткө кеңири колдоо жок. Тескерисинче, элдин нааразылыгы өсүп жатат. Натыйжада, бүгүнкү проблемалар үчүн мурдагы бийликтерди күнөөлүү көрсөтүү аракети жасалууда.

Чакан ишканалардын салыгын көбөйтүүнү караган мыйзамга каршы өткөн айда Киевде жана башка шаарларда миңдеген ишкерлер демонстрацияга чыккан.

XS
SM
MD
LG