Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

АКШ президенти Ооганстан боюнча стратегияны жарыялады


АКШ администрациясынын Ооганстандагы стратегиясы акыркы эки айдан бери кайрадан каралып жаткан. Президент Барак Обама аны жарыялап жатып белгилегендей, Ооганстандагы согуш абдан татаал түйшүк бойдон калууда, бирок АКШ максатка жетүү жолунда бара жатат. Обаманын айтымында, АКШнын максаты – Ооганстандагы ар бир коркунучту жеңүү, улуттук мамлекетти куруу эмес, Ооганстан менен Пакистандагы “ал-Каиданы” жеңүү жана талкалоо. Обама кошумчалагандай, АКШ “аль-Каида” террордук түйүнүнүн согушкерлери менен күрөштө бир топ ийгиликтерге жетишти, бирок аны жеңүү үчүн дагы убакыт керек:

-Аль-Каиданын үстүнөн биротоло жеңиш убакытты талап кылат, ал биздин өлкөгө кол салууга умтулган катаал жана туруктуу душман бойдон калууда. Бирок күмөн санабай эле коюңуздар, биз бул террордук түйүндү талкалоо боюнча максатыбыздан кайра тартпайбыз.

АКШ администрациясынын кайрадан каралган стратегиясына ылайык да, Вашингтон 2011 –жылдын июль айынан тарта Ооганстандан аскелеринин айрым бөлүктөрүн чыгарууну баштайт.

XS
SM
MD
LG