Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Д. Ниязалиева: Жаңы өкмөттүн курамында айымдар жок


Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева жаңы бекитилген өкмөт тууралуу "Азаттыкка" пикирин билдирип, анын курамында бир дагы айымдын жок экендигин белгиледи. Депутаттын айтымында, учурда өкмөттүн курамында болууга татыктуу Айгүл Рыскулова, Өктөмхан Абдуллаева өңдүү министрликтерде иштеп келген бир катар айымдар бар. Бирок алар партиянын мүчөсү болбогондуктан жаңы өкмөттүн курамына кирбей калышы мүмкүн. Өкмөттүн жаңы курамында айымдардын жоктугу парламенттин 17-декабрындагы отурумунда ар кыл пикирлерди жараткан. Парламенттик көпчүлүктү түзгөн фракциялардын өкүлдөрү бул маселе келечекте эске алынаарын убада кылышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG