Швейцария менен Чилинин элчиликтеринде почта менен келген бандероль жарылган. Андан элчиликтердин эки кызматкери жарадар болду. Жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Өткөн айда Грецияда чет өлкөлөрдүн бир нече элчиликтерине бомба салынган почталар жиберилген болчу. Грек бийликтери бул үчүн ашынган солчул топторду айыпташкан. Шектүү почта бүгүн Украинанын Италиядагы элчилигине да келген. Бирок текшерүүдөн соң ал зыянсыз экени аныкталды.