Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

ИИМ уюкфон ээлерин каттоодон өткөрүүнү сунуштоодо


Ички иштер министрлиги Кыргызстандагы уюкфон байланышынын кардарларын милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү сунушу менен чыкты. ИИМдин өкүлү Нурлан Сыдыковдун билдиришинче, мындай сунуш уюкфондорду уурдоо жана анын жардамы менен ар түрдүү көз боёмочулуктарды жасоо сыяктуу кылмыштардын өсүп жатканына байланыштуу көтөрүлүүдө. Андан сырткары тартип коргоо органдары соңку учурда уюкфон террористтик иш-чараларды уюштуруу үчүн пайдаланылган фактыларды каттап жатат. “Азыр ички иштер министри уюкфон ээлерин каттоодон өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топ түзүүдө. Милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүдө адам укугу бузулат деген сыяктуу талаш-тартыштар негизсиз, анткени бир топ мамлекеттерде мындай ыкма тажрыйбаланат жана бул мамлекеттик коопсуздугу үчүн жасалган чара”, - дейт Н. Сыдыков.

Маалыматка караганда, мындай сунуш азыр Улуттук коопсуздук кызматы, Байланыш агенттиги сыяктуу органдарга жөнөтүлдү. Жумушчу топ түзүлүп, мыйзам долбоор иштелгенден кийин ал парламенттин кароосуна жөнөтүлмөкчү. (EBM)

XS
SM
MD
LG