Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:29

Беларуста жаңы премьер министр дайындалды


Президент А.Лукашенко мурда Минскиде Илимдер улуттук академияны жетектеген Михаил Мясниковичти өкмөт башчылыкка дайындады.

Беларустун Конституциясы боюнча жаңы өлкө башчы шайлангандан кийин мурдагы өкмөт кызматтан кетет.

1994-жылдан бери беларустарды башкарган А.Лукашенко 19-декабрдагы президенттик шайлоодо 80% чукул добуш менен жеңишке жеткен.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 20 миңдей адам Минскинин борборуна нааразылык акциясына чогулган. Милиция аларды күч менен таратып, 600дөн ашуун кишини камакка алган. Алардын ичинде мурдагы президентикке талапкерлердин алтоо дагы бар.

XS
SM
MD
LG