Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Венгрия алты айлык саясый сынактан өтүүдө


Венгр студенттер маалымат каражаттары жөнүндөгү жаңы мыйзамга каршы оозун жаап, нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. Будапешт, 20-декабрь 2010.
Венгр студенттер маалымат каражаттары жөнүндөгү жаңы мыйзамга каршы оозун жаап, нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. Будапешт, 20-декабрь 2010.

Венгрия 1-январдан тартып Европа Биримдигине төрагалык кыла баштады. Алты айлык президенттик Биримдикке алты жыл мурда кошулган экс-коммунисттик Венгрия үчүн чоң саясый сыноо, өз саясый мүдөөсүн шарданалачу учур.

Бирок Биримдиктин көпчүлүк мүчөлөрүндө “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” улуттук парламент декабрда кабыл алган мыйзам Венгрияны совет доорундагыдай цензурага кайтарып, жыйырма жылдык демократиянын жетишкендиктеринен кол жуудурат деген кооптонуулар күчтүү.

Венгрия Хорватияны ЕБга жетелейт

Венгрия 50 жыл мурда Советтик Армиянын басып кирүүсүнө кан аябай каршылык көрсөтсө, 20 жыл мурда чыгыш германиялык качкындарды Батыш Германияга эркин өткөрүп, Берлин коргонунун кулашын тездеткен. Эми 27 өлкөнүн башын кошкон Евробиримдикке жарым жыл төрагалык кылмакчы.
1956-жылкы Советтик басып алууга каршы күрөштө курман болгондордун мазары. Басып алууга премьер-министр Имре Наддын саясый реформасы негиз болгон. 22-октябрь 2010


Премьер-министр Виктор Орбан 21-декабрда Будапештте Биримдиктин өкүлдөрү менен кездешкен соң, Венгрия президенттик учурунда уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга өзгөчө көңүл бурарын билдирди:

- Биз Евробиримдиктин кеңейүүсүнө жаңы дем берүүнү каалайбыз. Кеңейүү жаңы мүчөлөргө ички проблемаларын чечүүгө жардамдашат. Себеби алар чоң уюмдун катарында өз келечегине ишенимдүү болушат. Ырас, бүгүн Евробиримдик үчүн өз келечегине бекем ишенүү зарыл.

Венгр чиновниктеринин айтышынча, алар 1-июнга чейин Хорватияны Евробиримдикке кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнү бир нукка салып койууну каалашат. Андан тышкары цыгандар - Борбор Европага гана таандык маселе эмес экенин, ошондуктан алардын көйгөйлөрүн Биримдиктин деңгээлинде талкуулоону жана Грекия менен Ирландиядагыдай бюджеттин карызы экинчи кайталанбасы үчүн экономикалык чараларды катаалдантчу мыйзамды өткөргөнгө аракеттенет.

Венгриянын экономикасы да азыр оор абалда. Акыркы жылдары өкмөттүн карызы ылдам көбөйүп, Орбандын өкмөтү финансылык кырдаалды көзөмөлгө алганга чоң күч үрөөдө. Евробиримдик болсо глобалдык экономикалык кризистен бутуна туруу үчүн күрөшүп жаткан кез.

ЕБга төрагалык кылуу "Токай" ичүү эмес

Биримдиктин президенти Герман ван Ромпей жаңы жыл алдында Будапештте болгон сүйлөшүүдө президенттик Венгрияга оор болушу этимал экенин, бирок дүйнөлүк маданиятка Франц Лист сыяктуу композитору, Токай виносу жана Рубик кубиги менен таанылган өлкө анын жемишин да көрөрүн айтты:

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан(солдо) жана Сербиянын өкмөт башчысы Мирко Цветкович(оңдо). Белград, 26-ноябрь 2010.
- Нөөмөттүү президенттик көбүн эсе сыноо деп айтылып жүрөт. Мен ага бир аз бөлөкчө карайм. Менимче, Венгрия үчүн Европа Биримдигине төрагалык кылуу өлкөнүн орток проблемаларды орток кызыкчылыкка ылайык жөндөөгө жана Биримдикке венгриялыктар эзелтен белгилүү өз өзгөчөлүктөрүн кошууга даяр экениңерди далилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Анткени менен, Евробиримдиктин көпчүлүк мүчөлөрүн Венгрия парламенти маалымат каражаттары тууралуу 21-декабрда кабыл алган мыйзам кыжаалатка салууда. Талаштуу мыйзам мамлекеттин коомдук жана жеке менчик телерадиоканалдарды, гезит-журналдарды, интернет-сайттарды бекем контролдоосуна мүмкүнчүлүк берет. Маалымат каражаттарын көзөмөлдөөчү комиссия кимдир бирөөнүн “адамдык насил-наркына шек келтирди”, “окуя бир жактуу чагылдырылды” деп, басылмага 730 миң еврого чейин айып пул сала алат. Маалымат булактарын каттоо да өтө татаалдатылган.

Орбанчылар коммунисттик цензураны кайра тирилтти

Жаңы мыйзамды венгр журналисттерине катар эл аралык уюмдар да катуу сындашты. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму береги мыйзам сөз эркиндигине коркунуч туудурат, “бийликти сындаган медиабулактардын оозун жабууга жана коомдук талкууну болтурбоого багытталган” деп эсептейт.

Венгр жазуучусу Миколаш Харастинин пикиринче, башкаруучу ФИДЕС партиясы коомго таңуулаган мыйзам акыркы жыйырма жылдагы сөз эркиндигинин коммунисттик цензура менен алмаштырат:

- Виктор Орбандын өкмөтү медиабулактардын “саясый чындыкты” бийлик каалагандай чагылдыруусуна жетишүүнү өзүнө милдет кылып алган. Алар өлкөдө демократия аяк таштагандан жыйырма жылдан соң мурдакы бир партиялуу, журналисттер улуттун биримдиги үчүн кызмат кылган системаны кайра тирилтти.

Миколаш Харази бир жылдары ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү болуп иштеген.
Германиянын акыйкатчысы Маркус Лонинг Венгрияны өз саясатын кайра кароого чакырып, Евробримдиктин бардык мүчөлөрү “басма сөз эркиндигин коргогонго милдеттүү” экенин эскертти. Еврокомиссия азыр чуулгандуу мыйзамды иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG