Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Пакистандын президенти премьер Гиланиге колдоо билдирди


Пакистан президенти Асиф Али Зардари өкмөт башчыга колдоосун билдирди. Мамлекет башчынын кеңсеси тараткан билдирүүгө ылайык, Зардари коалициялык өкмөттү бейстабилдештирүү аракеттерине каршы. Жекшемби күнү премьер-министр Юсуф Реза Гилани башкарган коалициядан экинчи ири партия чыгып, оппозицияга өтүп жатканын жарыялаган. Дүйшөмбүдө Гилани саясий кризисти алдын алуу максатында оппозиция лидерлери менен сүйлөшүү өткөрдү. Эми парламент Гиланинин өкмөтүнө ишеним көргөзбөө маселесин колго салышы ыктымал. Премьер бир нече башка партиялар менен жаңы альянс түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Эки айдай мурун дагы бир партия коалициядан чыккан.

XS
SM
MD
LG