Чехиянын өкмөтү Украинанын мурдагы экономика министри Богдан Данилишинге саясый баш паанек берди. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосуна Данилишиндин адвокаты Марина Макиткова маалымдады. Ага ырасмий Киев Интерпол аркылуу издөө салып, 18-октябрдан бери Прагада абакта отурган. Эми Праганын соту Данилишинди түрмөдөн бошотуу жөнүндө өкүм чыгарышы шарт. Украин бийликтери Данилишинди мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко тушунда 2 миллион долларды ысырап кылган деп айыптоодо. Украин оппозициясы экс-министр саясый жүйөөдөн куугунтукталууда дешет.