Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Түркиядагы кыргыз студенттери мекенине келе албай кабатыр


2005-жылы "Итек-Эйр" аба компаниясы Кыргызстан-Түркия каттамын токтоткондон бери Түркиядагы кыргыз студенттери мекенине башка өлкөлөр аркылуу учуп келүүгө аргасыз. Түркияда билим алып жаткан студенттердин бири Талант Чокутаев билет кымбат болгонун, Стамбул-Киев-Алматы-Бишкек каттамы менен мекенге жеткенче далай азапты башынан өткөрөрүн айтты. Ушундан улам Түркияда окуган кыргыз студенттери кыргыз өкмөтүнө "Түрк аба жолдору" мамлекеттик авиакомпаниясы менен келишим түзүп, Кыргызстанда билим алып жаткан Түркия жарандары менен Түркияда окуп жаткан кыргызстандыктарга жылына жок дегенде бир жолу арзандатылган баада билет алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү өтүнүчүн жолдошкон. Кайрылууда эс алуу убагында мекенин, ата-энесин көрө албаган 18-20 жаштагы студенттер ар кандай психикалык ооруларга дуушар болуп жатканы да айтылган. (ES)

XS
SM
MD
LG