Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Египетте бийликке нааразы эки жаран өздөрүн өрттөдү


Египет бийликтеринин кабарлашынча, бүгүн президент Хосни Мубарактын бийлигине нааразы бир адам Каирде жана дагы бир адам Александрия шаарында өздөрүн өрттөп жиберишти. 17-январда эле Каирде катаал жашоосуна нааразы болгон дагы бир египеттик өзүн өрттөп ийген. Коңшулаш Тунисте 26 жаштагы дипломдуу адис жумуш таппай өзүн өрттөп жибергенде башталган толкундоолор өткөн жума күнү Бен Алинин 23 жылдык бийлигин кетирген. Бир адамдын узак жылдык бийлигине нааразы болуп, өзүн өзү өрттөөлөр Алжирде жана Мавританияда да болгону жөнүндө маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG