Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Стамбулда Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү өтүүдө


Иран делегациясы менен ортомчу "алтылыкка" кирген өлкөлөр Британия, Кытай, Франция жана Германия өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Сүйлөшүүгө Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесин тейлеген Кэтрин Эштон төрагалык кылууда.

Жолугушуунун негизги максаты Иран менен конструктивдүү сүйлөшүүгө жетишүү, бирок азырынча Стамбулда ага жетишүүгө эрте экендиги айтылууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал жасоонун аракетин көрүүдө деп шектенсе, Тегеран аны таптакыр четке кагып, өзөктүк программа тынчтык мүнөздү көздөөрүн айтат.

XS
SM
MD
LG