Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Эртең Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин соту уланат


Жогорку Соттун маалымат кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиевдин маалымдашынча, 11-январда Биринчи Май райондук соту булар менен иши чогуу каралып жаткан, массалык башаламандыкты уюштургандардын катарында болгон деп айыпталган Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакировдун ишин өзүнчө бөлүп кароо чечимин кабыл алып, толук иликтөө үчүн ишти кайра Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков менен экс-депутат Искак Масалиевге 2010-жылдын 13-14-майында Ошто, Жалал-Абадда "бийликти кч менен алууга аракеттенген", "массалык башаламандык уюштурган" деген айып тагылууда. Кылмыш ишинин козголушуна Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү негиз берген. Айыпталып жаткандар өздөрүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий буйрук катары сыпаттап келишет.(AzK)

XS
SM
MD
LG