Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Президент июнь окуясын иликтеген эл аралык комиссияны кабыл алды


Президент Роза Отунбаева былтыр Ош жана Жалал-Абад областтарында болгон каргашанын себептерин иликтеген эл аралык комиссия мүчөлөрү менен жолугушуп, иликтөөнүн жүрүшү тууралуу кабар алды. Өз сөзүндө мамлекет башчысы бул окуянын ачык жана ар тараптуу изилденип жатышы өлкөдөгү абалдын толук турукташуусуна шарт түзөөрүн айтты.

Эл аралык комиссияны Фин республикасынын парламент мүчөсү жана ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Кильюнен жетектейт.

Июнь окуясын иликтеген улуттук комиссия өз ишинин жыйынтыктарын өткөн аптада жарыялаган. Андан тышкары, каргашанын себептерин жана кесепеттерин Жогорку Кеңеште түзүлгөн атайын комиссия да иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG