Президенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, мамлекет башчы Роза Отунбаева 30-январда Казакстанга иш сапары менен барып, казак президенти Нурсултан Назарбаев менен социалдык-экономикалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Отунбаева иш сапарынын алкагында Астана шаарында боло турган VII Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине да катышат. "Азиада" оюндары 30-январда башталып, 6-февралга чейин созулат. (KKs)