Мындай пикирин президент Абдулла Гүл бүгүн француздардын “Фигаро” гезитине басылган интервьюда айткан. Ал интервьюда Түркиянын Евробримдикке өтүүсүнө жасалма тоскоолдуктар коюлганын, бирок “дүйнө Европа Биримдигин токтото албасын” баса белгилеген. Биримдикке мүчө өлкөлөр Түркияны уюмга кабыл алуу боюнча эки жаатка бөлүнгөн. Анын ичинде Франция да Түркиянын Биримдикке өтүүсүн макул көрбөйт.