Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Орусияда жанкечтинин бир туугандары камакка алынды


Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, орус бийликтери өткөн айда Москванын Домодедово аэропортундагы жардырууну жасады деп шектелген жанкечтинин бир тууган инисин жана эжесин камакка алышкан. Алар менен кошо жардырууну уюштурууга тиешеси бар деп шектелген дагы бир жигит камалды.

Орусиянын коопсуздук кызматтарындагы булактар жанкечтинин аты-жөнүн Магомед Евлойев деп аташкан. Ал теги боюнча Ингушетиядан, жаш курагы жыйырмада.

Мындан эки күн мурда жардыруу үчүн жоопкерчиликти чечен согушкери Доку Умаров өзүнө алды. Москва аэропортундагы жардыруудан 36 адам, анын ичинде Кыргызстандын бир жараны да каза тапкан.

XS
SM
MD
LG