Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Пакистанда сот экс-президент Мушарафты кармоого өкүм чыгарды


Пакистандын соту мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшүн иликтөө максатында мурдагы президент Первез Мушаррафты кармап, камакка алууга буйрук чыгарды.

Прокуратуранын пикиринде, ал кездеги президент Мушарраф Беназир Бхуттонун өмүрү коркунучта экенин билип туруп, маалыматты тийешелүү органдарга берген эмес. Ошондой эле Мушарраф Беназир Бхуттого жетиштүү деңгээлде коопсуздук чараларын уюштура албагандыгы үчүн дагы күнөөлөнүүдө.

Пакистандын мурдагы премьер министри Беназир Бхутто 2007-жылы 27-декабрда Равалпинди шаарында шайлоо алдындагы митингде террордук кол салуунун айынан набыт болгон.

XS
SM
MD
LG