Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Сирияда 19 жаштагы блоггер кыз 5 жылга соттолду


Сирияда 19 жаштагы блоггер кыз өкмөттүк сырды чет өлкөгө сатты деп 5 жылга кесилди. 14-февралдагы сотко Тал ал-Маухи колуна золу салынып, көзү таңылып алып келинди. Университет студенти ал-Маухи 2009-жылдан бери камакта отурган. Ал-Маухинин сөзүнчө, ал Интернетте Сириянын болочогуна карата пикир калыптандырган макалаларды жазып, АКШ президенти Барак Обаманы палестиндиктери колдоого чакырганы үчүн жазаланды. АКШ Мамдепартаменти блоггер кызды бөлөк өлкөгө мамлекеттик сырды сатты дегенге негиз жок экенин айтып, Сирияны ал-Маухини бошотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG