Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Бахрейнде да падышалыкка каршы эл козголду


Бахрейндин борбору Манамада полиция менен демонстранттар ортосунда болгон кагылышта кеминде эки киши өлүп, жыйырмадай адам жарадар болгону кабарланууда. Коопсуздук күчтөрү түнкүсүн борбордук аянтта калган анти-өкмөттүк акциянын катышуучуларын таркатканга аракет кылууда. Полиция ал үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонууда. Маалымат булактары шаарда октун үндөрү угулганын билдиришет. Шаршемби күнү бир күн мурда полиция менен болгон кагылышта өлгөн адамды жайга берүүгө миңден ашуун адам чогулган. Алар маркумду акыр сапарга узатуу жөрөлгөсү бийликтин алмашуусун талап кылган ураандарды чакырышкан. Падышалыкты башкарган сунниттер династиясына каршы козголуш Египет жана Тунистеги бийлик алмашуудан соң башталды.

XS
SM
MD
LG