Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

ЕККУ Беларуста оппозициячылар соттолгонуна кабатыр


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Беларуста оппозициячыл демонстрацияга катышкандарга каршы иш козголуп, сотто карала баштаганына терең тынчсыздануусун билдирди. “Элдин жыйналуу эркиндиги негизги демократиялык укуктардын бири. Беларуста митингдерге катышкандардын иши түрмөдөгү камерада карала баштаганы акылга сыйбаган көрүнүш”, - деп айтылат эл аралык уюм тараткан билдирүүдө. Кечээ Минсктеги абакта сот 27 жаштагы Васил Парфянкоунун ишин карап, президенттик шайлоого удаа өткөн митингдерге катышканы үчүн төрт жылга эркинен ажыратты. Ал митингдерди уюштурган деп шектелген 30дай киши камакта.

XS
SM
MD
LG