Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Ливиядагы кагылышууларда 84 киши өлдү


"Хьюман Райтс Уоч" эл аралык уюму Ливияда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан каза тапкандардын саны 84 кишиге жеткенин маалымдады. Экинчи ири шаар – Бенгазидеги ооруканалардын биринде эле 18-февралда 35 киши көз жумду. Кеминде дагы 4 шаарда көчө акциялары болгону кабарланууда. Мамлекеттик маалымат каражаттары 42 жылдан бери бийликте отурган Муаммар Каддафиге каршы көтөрүлгөндөр жазаланат деп эскертишүүдө. Бенгази портундагы аэропорт жабылды. Айрым чөлкөмдөрдө Фэйсбук жана ал-Жазира каналынын интернет сайттарын ачуу мүмкүн болбой жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө.

XS
SM
MD
LG