Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Ливиядагы элдик толкундоолор ордо шаар Триполиге да жетти


Муаммар Каддафинин уулу Сайфу-л-Ислам Муаммар Каддафи. 2010-жылкы сүрөт. REUTERS.
Муаммар Каддафинин уулу Сайфу-л-Ислам Муаммар Каддафи. 2010-жылкы сүрөт. REUTERS.

Ливияда кырдаал улам курчуп жатканы кабардалууда. 42 жылдай бийлик тизгинин бербеген полковник Муаммар Каддафинин режимине каршы күчтөр менен өкмөттүк коопсуздук күчтөрү чыгыштагы Бенгази жана башка шаарларда гана эмес, борбор шаар Триполинин өзүндө да кагылышууга барганы, жалпы өлкө боюнча кеминде 200дөй киши кагылышуулардын айынан набыт болгону кабарланууда. Ливия лидери Муаммар Каддафинин уулу Сайфу-л-Ислам Муаммар Каддафи “мамлекет жиктелүү коркунучуна кабылды” деп өкмөттүк сыналгы аркылуу билдирүү жасады жана Ливия аскерлери катаал аргаларга баруу менен да коопсуздукту калыбына келтирет”, деп эскертти.

Тунис, Мысыр ыңкылабынын эпкини

Сырткы дүйнө үчүн пардаларынын баарын жабууга тырышкан түндүк африкалык арап өлкөсү – Улуу Социалисттик Элдик Ливия Арап Жамахириясы.

Бул өлкөнүн “түшпөс хандай” болгон лидери – полковник Муаммар Каддафи 1969-жылдын 1-сентябрынан бери “журт атасы” болуп келет. “Ыңкылап лидери” деген расмий кызматы бар Каддафинин режими Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы башка бир катар арап өлкөлөрүн кучагына алган элдик толкундоолордун эпкинине кабылды.

Ливиялыктар Муаммар Каддафинин кызматтан кетишин, өлкөдө демократиячыл реформаларды жүргүзүүнү талап кылып, тынч күрөштөн куралдуу күрөшкө өткөнү кабардалууда.

Мерт болгондор көбөйдү

Өткөн бейшембиден берки кагылышуулардын айынан бери дегенде 200дөй киши мерт болгону айтылууда. “Хюман райтс уотч” укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Ливиядагы набыт болгондордун саны 233кө жетти. Өлкөнүн чыгышындагы Бенгази шаарынын көпчүлүк бөлүгүн көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп турганы кабарланууда.

Айрым маалыматтарга караганда, Бенгази шаарында жайгашкан өкмөттүк аскерлердин бир бөлүгү көтөрүлүшчүлөр тарабына өттү. Бул тууралуу айрым аскер кызматкерлери өздөрү жарыя кылышты. Башка бир катар шаарлар да элдик толкундоолордун кучагын кабылды.

Мурда негизинен өкмөтчүл күчтөрдүн жыйындары үстөккө-босток өтүп жаткан ордо шаар Триполинин чет жакасында да 21-февралдын таңына карата кагылышуулар күч алганы маалымдалды.

Диктатордун уулу

Соңку окуялар тууралуу Муаммар Каддафинин уулу Сайфу-л-Ислам Муаммар Каддафи да дүйшөмбүгө оогон түнү өкмөттүк сыналгы аркылуу чыгып сүйлөгөндө мойнуна алууга аргасыз болду.

Анын айтымында, козголоңчулар кээ бир аскер базаларын, курал-жарактарды жана танктарды өкмөттүк күчтөрдөн тартып алышкан. Сайфу-л-Ислам Муаммар Каддафи “мамлекет жиктелүү коркунучуна кабылды” деп өкмөттүк сыналгы аркылуу билдирүү жасады.

Бул билдирүүсү менен 21-февралга караган түнү чыккан Сайфу-л-Ислам Каддафи өз өлкөсүндө коңшу Тунис менен Мысыр (Египет) жумурияттарындагыдай окуялардын кайталанылышына жол берилбестигин эскертти.

- Ливия деген Египет эмес. Ал уруулар менен кландык топтордон турат. Ал – партиялар сыяктуу топторго негизделген коомдордой эмес. Ал – партиялар менен кландардан турат. Мында ар кимиси өз милдетин так билет. Бул (толкундоо) атуулдук согушка кириптер кылышы мүмкүн жана биз 1936-жылкы атуулдук согушту кайра баштан кечиришибиз ыктымал. Ливия – тигил Тунис же Египеттей эмес. Ливиянын мунайы бар. Мунай бүткүл Ливияны бириктирип турат. Бул – Ливиянын бирдиктүү болуп тургандыгынын башкы себептеринин бирине жатат.

Сайфу-л-Ислам Каддафинин узакка созулган сөзүндө бийликтегилер кандайдыр-бир саясий реформаларга барууга ык коюп калганы да айгинеленди.

- Эртең биз кан төгүүлөргө жол бербейбиз. Биз эми биринчи режимден кийинки баскычка көтөрүлмөкчүбүз. Бул – биздин эң ири тарыхый жетишкендигибиз болуп калмакчы. Мындан ары биринчи баскычтагы режимди унуталы. Ошентип, биз өзүбүз макулдашкан жаңы системаны баштайбыз. Эртең биз жаңы Ливияны курабыз. Бул эртеңки Ливия тууралуу жалпы баарыбыз макулдашып алышыбыз керек.

Эгерде антпесек, анда биз, ливиялыктар, өз ара тирешүүлөргө кириптер болуп, ич ара жаңжалдашып, ич ара жиктелип калышыбызга даяр болушуңуздар керек. Анда эле мунайды да, газды да унуткула. Анда эле биз ыркы келишпестикке дуушар болобуз. Биз баш-аламандыкка кириптер болобуз!
- деди Сайфу-л-Ислам Каддафи.

Ливия лидеринин уулу өкмөттүк күчтөр да калпыстыктарга жол койгонун мойнуна алды. Ошону менен бирге ал укук коргоо уюмдарынын Ливияда набыт болгондордун саны тууралуу маалыматын четке кагып, буга чейин 84 киши набыт болду деп айтты.

Сайфу-л-Исламдын айтымында, анын атасы эч жакка качып кетпестен, ордо шаардын коопсуздугун камсыз кылуу жагына түздөн-түз жетекчилик кылууда.

Сырткы дүйнөнүн тынчсыздануусу

Эл аралык коомчулук Ливиядагы нааразылык жыйындарына чыккандарга каршы айоосуз мамиле кылган Каддафинин режимин кескин сынга алууда.

Улуу Британиянын тышкы иштер катчысы Уилям Хэйг 21-февралда Брүсселге Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынына келген жеринен кабарчыларга мындайча пикирин айтты:

- Улуу Британия учурдагы Ливиядагы кырдаалга өзгөчө тынчсыздануусун билдирди. Мен кечээ полковник Каддафинин уулу Сайфу-л-Исламга телефон чалып, демонстранттарга каршы күч колдонушканына карата терең нааразылыгымды билдирдим.


Теги ливиялык демонстранттар Праганын Вацлав аянтына чогулуп, Муаммар Каддафинин кызматтан кетишин талап кылып ураан чакырышты. 1-сүрөт. “Азаттык” үналгысы. Прага ш. 21.01.2011. TCh.
АКШ Мамлекеттик департаменти болсо Ливиядагы соңку окуяларга терең тынчсызданганын билдирди.

Европа Биримдиги бул ынтымакка кирген өлкөлөрдүн атуулдарын Ливиядан чыгарып кетүү маселесин ойлонуштуруп жатканы кабардалды.

Дүйшөмбү күнү Чехиянын ордо шаары Праганын Вацлав аянтында бир катар ливиялык атуулдар чогулуп, Каддафинин өкмөтүнүн учурдагы саясатына нааразылыгын билдиришти.

Алар "Муаммар Каддафи кетсин!" деп арап, чех, англис тилдеринде ураан чакырышты.

Соңку маалыматтарга караганда, бир катар ливиялык элчилер жана дипломаттар режимдин саясатына нааразылык билдирип, өз кызматтарынан чегиништи.

XS
SM
MD
LG