Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Мысыр: Мубарак президенттиктен кетти, ыңкылап жеңди


Мубарактын режимине каршы чыккан демонстранттар Каирдин "ат-Тахрир" аянтында танктардын жанында намазга жыгылышты. 2011-жылдын 11-февралы. REUTERS/Yannis Behrakis.
Мубарактын режимине каршы чыккан демонстранттар Каирдин "ат-Тахрир" аянтында танктардын жанында намазга жыгылышты. 2011-жылдын 11-февралы. REUTERS/Yannis Behrakis.

Мысырды 30 жылдан ашуун мезгилден бери бийлеп келген президент Хосни Мубарак бийликтен кетти. Бул тууралуу вице-президент Омар Сулайман 11-февралда кечке жуук жарыя кылды. 18 күндөн бери Мубарактын кетишин талап кылып египеттик шаарларда жыйын куруп жаткан демонстранттар шаттанууда.


Ошентип, дагы бир мусулман өлкөсү - Мысырда (Египетте) да ыңкылап жеңди.

Айрым маалыматтарга караганда, президенттик кызматтан түшкөн 82 жаштагы Хосни Мубарак курорт шаар Шарм аш-Шейхке чыгып кетти.

Жүз миңдеген кишилер Мысырдын ар кыл шаарларында 18 күндөн бери нааразылык демонстрациялар уюштурушуп, Хосни Мубарактын президенттиктен кетишин, ал түзгөн авторитардык режимдин ойрон кылынышын жана өлкөдө демократиялык түзүлүштү калыптандырууну талап кылып келишкен.

Түндүк Африкадагы башка бир арап өлкөсү – Тунисте өткөн айда (тактап айтканда, 14-январда) элдик ыңкылап жеңген соң, арап өлкөлөрүнүн ичинен эң кубаттуусу жана калк саны жагынан ириси саналган Египетте да 25-январдан бери элдик толкундоолор ырааттуу жүрүп жаткан.

Толкундоолор маалында Мубарак оболу анча-мынча реформа кылууга убада кылган.

Анын быйылкы сентябрдагы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болбой турганын жарыялаганына, өкмөттү алмаштыргангына да толкундаган эл көнбөй, анын дароо кызматтан кетишин талап кылуусун уланта берди.

Мубарактын президенттик кызматтан кеткени жана бийлик аскер жетекчилигине өткөнү тууралуу анын оң колу жана жакында эле (элдик толкундоо маалында) вице-президент кызматына дайындалган Омар Сулайман бүгүн (11-февралда) кечке жуук өкмөттүк сыналгыдан жарыя кылды.

Видео тасма.

Мысыр: Мубарак президенттик кызматтан кетти

x
Мысыр: Мубарак президенттик кызматтан кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00
Түз линк

Тасмада: Египеттин (Мысырдын) президенти Хосни Мубарак бүгүн (11-февралда) кечинде кызматтан кетти. Бийлик эми армиянын колуна өткөнүн вице-президент Омар Сулейман сыналгыдан кабарлады. Бу кабарды толкуган эл шаттана тосуп алды. Reuters. 11.02.2011.

Урматтуу мекендештерим! Өлкө башына түшкөн азыркы оор мезгилде президент ("райис") Хосни Мубарак президенттик кызматынан кетүүнү оң тапты. Ал мамлекеттеги иштерди көзөмөлдөөнү Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Кеңешине өткөрүп берди. Алла-таала бизди сактасын. Омар Сулайман.





Эл шаттанууда

Дээрлик үч апта бою Мубарактын кетишин талап кылып египеттик шаарларда жыйын куруп жаткан демонстранттар ушул тапта шаттанууда.

Эл өзгөчө котолоп жыйылган ордо шаар Каирдин борбордук “Тахрир” (“Эркиндик”) аянтында ушул мүнөттөрдө жалпы шаттануу маанайы өкүм сүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG