Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Омандагы кагылыштан бир демонстрант каза тапты


Перси булуңундагы бул араб өлкөсүнүн борбору Мускаттан 200 чакырымдай алыстыктагы Сухар шаарыын борбордук аянтында бүгүн өкмөткө каршы чыккан демонстранттар жыйналган. Күбөлөрдүн айтымында, кагылышуу мына ушул жерде болду. Бүгүн Омандагы демонстрациялардын экинчи күнү. Өлкөдө саясий реформаларды талап кылгандар алгач көчөгө кечээ чыгышкан. Омандагы нааразылык акциясы да соңку апталарда Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы араб өлкөлөрүн элдик толкундоолор каптаган шартта өтүүдө. Омандын султаны Кабус бин Саид элдин нааразылыгын басуу аракетинде өкмөт курамында орун которуштурууларды жүргүздү.

XS
SM
MD
LG