Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Саудиянын интеллектуалдары кеңири реформа жүргүзүүгө чакырууда


Белгилүү окумуштуулар менен активисттердин жүздөн ашууну Сауд Аравиянын падышасын өлкөдө кеңири реформаларды жүргүзүүгө, анын ичинде конституциялык монархия орнотууга үндөштү.

Алардын интернеттеги билдирүүсүндө Сауд Аравияда азыр тууганчылык менен коррупция кеңири жайылганы, ал эми убада кылынган реформалар боюнча алга жылуунун жоктугу өлкөгө жарака сала баштаганы айтылат.

Бул аралыкта бүгүн падыша Абдалла өкмөттүк сектордо убактылуу келишим менен иштегендерге туруктуу келишим берүүнү буюруду. Бул сауд падышасынын реформа боюнча күчөп бара жаткан чакырыктарды алдын алуу боюнча кадамдарынын акыркысы болду.

Апта башында ал кирешеси аз саудиялыктарга жардам көргөзүүчү корго кошумча 36 миллиард долларга жакын каражат ажыратыларын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG