Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Мубарактын бала-чакасы өлкөдөн чыга албай калды


Египет өкмөтү 28-февралда мурдакы президент Хосни Мубарактын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкөдөн чыгып кетүүсүнө тыйуу салып, мүлк-дүйнөсүн камакка алууну буйруду. Башкы прокурорлуктун маалымдашынча, Мубарактын үй-бүлөсүнө таандык байлыктардын кандай топтолгону аныкталмайынча, алар өлкөдөн чыгып кете алшыпайт. Хосни Мубарак өзү, анын аялы жана эки уулунун үй-бүлөсү Мубарактын 30 жылдык бийлигинен пайдаланып, миллиардаган доллар топтогону айтылууда. Маалыматтарга караганда, Египеттин экс-президенти азыр бала-чакасы менен Кызыл деңиздин боюндагы Шарм аш-Шейх курортунда жашайт.

XS
SM
MD
LG