Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

АКШнын Транспорттук командачылыгынын жетекчиси Кыргызстанда болду


АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашкандай, 2-3-мартта АКШнын Транспорттук командачылыгынын жетекчиси Дункан Дж. МакНабб аймактагы иш сапарынынын алкагында Кыргызстанда болуп кайтты. Генерал МакНабб премьер-министр Алмазбек Атамбаев, ошондой эле транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков менен жолугуп, Кыргызстандын Афганистандагы коалиция аракеттерине жана аймакта туруктуулукту бекемдөөгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Генерал МакНабб жетектеген командачылык дүйнөдөгү аба аркылуу, жер жана суу үстүндө транспорт маселелерин көзөмөлдөө менен АКШнын коргоо министрлигине колдоо көрсөтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG