Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Ирак шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатат


Ирактын бир нече шаарларында бүгүн социалдык нааразылык акциялары өтүп жатат. Багдад шаарында бийлик борборго унаа менен өтүүгө тыюу салгандан кийин эл демонстрацияга жөө жөнөдү. Бир апта мурун ушундай эле акцияга жүздөгөн киши чыккан. Алар коррупциянын деңгээлинин өсүшүнө, жумушсуздукка, коомдук кызматтардын начардыгына нааразылыгын билдиришкен. Баш калаадагы Тахрир аянтына чогулган элдер “Мунай ууруларга эмес, элге берилсин!”, “Нури ал-Малики – калпычы” деген ураандарды чакырып турушту.

XS
SM
MD
LG