Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Нарын шаарында бизнес-форум өтүп жатат


"Теңир-Тоо" деп аталган бизнес-форумга Бишкекте жана Орусияда иштеп жүргөн бир катар нарындык ишкерлер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда. "Азаттыктын" кабарчысы маалымдагандай, форумдун жүрүшүндө катышуучуларга облус аймагында ишке ашыруу максатында 50гө жакын социалдык жана бизнес долбоорлору сунушталууда. Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков билдиргендей, бизнес-форум Теңир-Тоодон чыккан ишкерлерден жана депутаттардан колдоо алуу максатын көздөйт. Жакын арада облус бийлиги ушундай эле бизнес-форумду Эл аралык каржы донорлору үчүн өткөрүүнү пландап жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG